Башкы беткеДүйнөГрецияда токой өрттөрү күчөдү

Грецияда токой өрттөрү күчөдү

Грецияда ири токой өрттөрү кайрадан күчөп, өзгөчө Крит аралындагы кырдаал оор бойдон калууда. Өрттөн улам жергиликтүү тургундар жана туристтер коопсуз аймактарга эвакуацияланып жатат.

Маалыматтарга караганда, Ретимно аймагынын түштүгүндө чыккан өрттү катуу шамал жана тоолуу рельефтен улам көзөмөлгө алуу жана өчүрүү иштери кыйындап жатат. Тилсиз жоо туристтик курортторго жана бир катар айылдарга коркунуч жаратууда.

Шаршемби күнү өрттү өчүрүү иштерине катышкан эки өрт өчүрүүчү Криа-Вриси аймагында жалындын курчоосунда калып, каза болду. Учурда алардын өлүмүнүн жагдайлары боюнча иликтөө жүргүзүлүүдө.

Өрт шаршемби күнү тутанып, учурда Крит аралындагы эң ири өрт очокторунун бири болуп эсептелет. Анын фронту 15 чакырымдан ашып, азырынча толук көзөмөлгө алынган жок.

Аймактын жетекчилиги өрттөн келтирилген чыгымдын так көлөмү азырынча белгисиз экенин билдирип, учурдагы башкы максат өрттү мүмкүн болушунча тез арада токтотуу экенин белгиледи.

Өрт менен күрөшүүгө ондогон өрт өчүрүүчүлөр, атайын техника жана авиация тартылган. Учактар абадан суу төгүп, өрттү чектөө иштерине көмөк көрсөтүүдө.

Ошол эле учурда Грециянын Климаттык кризис жана жарандык коргонуу министрлиги жума күнү Аттика, Крит, Батыш Греция, Түндүк Эгей деңизи аймагы, Киклад аралдары, Эврос жана Борбордук Грецияда токой өрттөрүнүн чыгуу коркунучу өтө жогорку деңгээлде (4-категория) экенин эскертти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар