Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселеси боюнча кезектеги жыйын өткөрдү.
Жыйында тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери күйүүчү май рыногундагы учурдагы абал, кампалардагы күйүүчү майдын запасы жана мунай продуктулары менен камсыздоо тууралуу маалымат беришти.
Ошондой эле күйүүчү майды үзгүлтүксүз жеткирүү, коруктардын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу жана мамлекеттик органдар менен рыноктун катышуучуларынын ишин координациялоо маселелери каралды.
Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жооптуу мекемелерге бир катар тапшырмалар берилди.







