Бүгүн таңкы саат 07:05те Каракол шаарына жакын аймакта күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Эңилчек айылынан 9 чакырым батышта жана Каракол шаарынан 69 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Эңилчек айылында 2,5 балл, ал эми Кургак айылында 2 баллга чейин сезилген.



