Башкы беткеКоомКараколго жакын жерде жер титиреди

Караколго жакын жерде жер титиреди

Бүгүн таңкы саат 07:05те Каракол шаарына жакын аймакта күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Эңилчек айылынан 9 чакырым батышта жана Каракол шаарынан 69 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Эңилчек айылында 2,5 балл, ал эми Кургак айылында 2 баллга чейин сезилген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар