Башкы беткеМинистрлер кабинетиАрмениянын премьер-министри Кыргызстанга келди

Армениянын премьер-министри Кыргызстанга келди

Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда Армениянын өкмөт башчысын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков тосуп алды.

Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6–7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Жыйынга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары катышат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар