Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда Армениянын өкмөт башчысын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков тосуп алды.
Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6–7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт.
Жыйынга Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары катышат.


