Кыргызстанда жыл башынан бери иш менен камсыз кылуу кызматтарынын жардамы менен 7 миңден ашуун жаран жумушка орношту. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу кызматтарына 77 миң 551 жаран кайрылган.
Алардын 52 миң 807си эмгек мыйзамдары, жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү, кесиптик окутуу жана кайра даярдоо багыттары боюнча кеңеш алышкан.
Ошондой эле жыл башынан бери аталган кызматтардын көмөгү менен 7 миң 106 жумушсуз жаран ишке орноштурулган. Алардын арасында 4 миң 87 аял жана 3 миң 744 жаш жаран бар.
Министрликтин маалыматы боюнча, калкты иш менен камсыз кылуу жана кесиптик багыт берүү боюнча иштер мындан ары да улантылат.



