№15 тайфун Япониянын Канто аймагына, анын ичинде Токиого, шейшемби күнү кечинде жетиши мүмкүн.
Тайфун Фукусиманын Иваки шаарынын жээгинен 230 чакырымдай чыгышта жайгашып, батыш-түндүк-батышты көздөй саатына 30 чакырым ылдамдыкта жылууда. Шамалдын ылдамдыгы 82,8 км/саатка, соккулары 126 км/саатка чейин жетүүдө.
Синоптиктер Тохоку жана Канто аймактарында нөшөрлөгөн жаан жаашы мүмкүн экенин эскертишти. Айрым жерлерде 180 ммге чейин жаан жаашы күтүлүүдө. Тынч океандын жээгинде толкундардын бийиктиги 7 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Япониянын Метеорология агенттиги жер көчкү, суу ташкыны, катуу шамал жана бийик толкундардан сак болууга чакырды. Тайфундан улам коомдук транспорттун ишинде үзгүлтүктөр болушу мүмкүн.



