Башкы беткеДүйнөЯпониядагы №15 тайфун Токиого чейин келиши мүмкүн

Япониядагы №15 тайфун Токиого чейин келиши мүмкүн

№15 тайфун Япониянын Канто аймагына, анын ичинде Токиого, шейшемби күнү кечинде жетиши мүмкүн.

Тайфун Фукусиманын Иваки шаарынын жээгинен 230 чакырымдай чыгышта жайгашып, батыш-түндүк-батышты көздөй саатына 30 чакырым ылдамдыкта жылууда. Шамалдын ылдамдыгы 82,8 км/саатка, соккулары 126 км/саатка чейин жетүүдө.

Синоптиктер Тохоку жана Канто аймактарында нөшөрлөгөн жаан жаашы мүмкүн экенин эскертишти. Айрым жерлерде 180 ммге чейин жаан жаашы күтүлүүдө. Тынч океандын жээгинде толкундардын бийиктиги 7 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Япониянын Метеорология агенттиги жер көчкү, суу ташкыны, катуу шамал жана бийик толкундардан сак болууга чакырды. Тайфундан улам коомдук транспорттун ишинде үзгүлтүктөр болушу мүмкүн.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар