Башкы беткеКоомМектептерде профилдик окутуу этап-этабы менен киргизилет

Мектептерде профилдик окутуу этап-этабы менен киргизилет

Кыргызстандагы жалпы билим берүү мектептеринде профилдик окутуу 2026-2027-окуу жылынан тарта этап-этабы менен киргизилет. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Жаңы система окуучулардын кызыгуусун, жөндөмүн жана келечектеги кесибин эске алуу менен билим алуусун улантууга же кесипке даярдануусуна шарт түзөт.

Биринчи этапта, 2026-2027-окуу жылында 8-класстарда профилге чейинки даярдоо башталат. Жогорку класстарда кесиптик-колдонмо багыттагы программалар сыноодон өткөрүлөт.

Экинчи этапта, 2027-2028-окуу жылында 9-класстарда профилге чейинки даярдоо улантылат. 11-класстарда академиялык жана кесиптик-колдонмо багыттагы программалар киргизилет.

Үчүнчү этапта, 2028-2029-окуу жылында 12-класстарда академиялык жана кесиптик-колдонмо багыттагы профилдик программалар ишке кирет.

Академиялык багыт окуучуларды жогорку жана орто кесиптик билим алууга даярдоого багытталат. Ал эми кесиптик-колдонмо багыт кесиптик көндүмдөрдү калыптандырып, жаштарды эмгек рыногуна даярдоону көздөйт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар