Башкы беткеЭкономикаКыргызстан менен Швейцария автомобиль ташууга келишишти

Кыргызстан менен Швейцария автомобиль ташууга келишишти

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен эл аралык ташуулар боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду.

Документке Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев менен Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сироко Мессерлинин жолугушуусунун алкагында кол коюлду.

Келишим Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда эл аралык автомобиль ташууларды жүргүзүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн аймагы аркылуу транзиттик ташууларды уюштурууга укуктук негиз түзөт.

Министр Талантбек Солтобаев келишимге кол коюу эки өлкөнүн транспорт тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи.

Ошондой эле жаңы келишим соода-экономикалык байланыштарды, бизнести жана туризмди өнүктүрүүгө, жарандардын мобилдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөрү белгиленди.

Тараптар мындан ары автомобиль транспортун өнүктүрүү жана транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иштерди улантууга ниеттеништи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар