Башкы беткеМинистрлер кабинетиТөлөйкөндө заманбап 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

Төлөйкөндө заманбап 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

Төлөйкөн айылындагы 275 орундуу жаңы мектеп сентябрда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарында уюштурулган пресс-турдун жүрүшүндө билдирди.

Министр журналисттерге мектептин курулушу менен тааныштырып, жаңы окуу жылында объектти пайдаланууга берүү пландалып жатканын белгиледи.

Төлөйкөндөгү мектептин курулушу 2025-жылдын июль айында башталган. Долбоор Турукташтыруу фонду аркылуу каржыланган.

Жаңы мектепте окуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлөт. Анда лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар жана спорт залдары каралган.

Учурда курулуш иштери дээрлик толугу менен аяктады. Мектепти сентябрь айында окуучулар үчүн ачуу пландалууда.

Ошондой эле Нурдан Орунтаев Бишкек, Ош жана Манас шаарларында жалпы 36 мектеп курулуп жатканын айтты. Аталган билим берүү мекемелеринде жалпысынан 80 миңге жакын окуучу билим ала алат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар