Башкы беткеКоомЭмдөө тууралуу электрондук сертификат эми "Түндүктө" жеткиликтүү

Эмдөө тууралуу электрондук сертификат эми “Түндүктө” жеткиликтүү

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде эмдөө тууралуу электрондук сертификат кызматы кеңейтилди. Эми жарандар COVID-19га каршы эмдөө менен катар бардык катталган профилактикалык жана башка эмдөөлөрү тууралуу маалыматты онлайн ала алышат.

Электрондук сертификат Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтык системаларындагы маалыматтардын негизинде автоматтык түрдө түзүлөт.

Документте вакцинанын аталышы, дозасы, эмделген күнү, сериясы жана өндүрүүчүсү көрсөтүлөт. Ошондой эле сертификат ээсинин жеке маалыматтары жана сүрөтү камтылат.

Сертификатты кыргыз, орус жана англис тилдеринде алууга болот. Документтин аныктыгын QR-код аркылуу текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

18 жашка чейинки балдардын эмдөө тууралуу сертификаты ата-энелеринин “Түндүк” тиркемесинде жеткиликтүү болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар