Кыргызстанда жакынкы күндөрү өтө турган ири эл аралык иш-чаралардын коопсуздугун камсыздоо боюнча ички иштер органдарынын даярдыгы күчөтүлдү.
Бул маселе 20-августта ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков өткөргөн аппараттык кеңешмеде талкууланды. Жыйынга министрдин биринчи орун басары, орун басарлары жана ички иштер органдарынын жетекчилери катышты.
Кеңешмеде чет мамлекеттердин президенттеринин Кыргызстанга расмий сапарлары, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маалында коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселелери каралды.
Министр алдыдагы иш-чаралардын эл аралык маанисине токтолуп, алардын коопсуз жана жогорку уюшкандыкта өтүшү үчүн жооптуу жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берди.
Анын ичинде иш-чаралар өтө турган аймактарда укук бузуулардын алдын алуу иштерин күчөтүү, коомдук тартипке коркунуч жаратышы мүмкүн болгон жагдайларга ыкчам чара көрүү жана милиция кызматкерлеринин кызматтык даярдыгын камсыздоо милдети коюлду.
Ошондой эле улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин күчөтүү тапшырылды.
Улан Ниязбеков милиция кызматкерлерине мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти так сактоону, жарандар менен иштөөдө сылык мамиле жасап, кызматтык этика талаптарын аткарууну эскертти.
Алдыдагы ири иш-чараларга байланыштуу ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.



