Башкы беткеМинистрлер кабинетиМамлекеттик тилди билүүнү баалоо жана үйрөтүү иштери күчөтүлөт

Мамлекеттик тилди билүүнү баалоо жана үйрөтүү иштери күчөтүлөт

Кыргызстанда мамлекеттик тилди үйрөтүү, анын деңгээлин баалоо жана кыргыз тилин иш жүзүндө колдонуу боюнча иштерди күчөтүү пландалууда.

20-августта Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жана анын түзүмдүк мекемелеринин жетекчилери менен жолугушуп, мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.

Жыйында «Кыргызтест» системасы аркылуу тил деңгээлин баалоо, тестирлөөнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, терминологиялык базаны өркүндөтүү, окуу-методикалык материалдарды даярдоо жана котормо иштеринин сапатын жогорулатуу маселелерине көңүл бурулду.

Улан Маматканов «Кыргызтест» тестирлөө борборунун иши менен да таанышып, тиешелүү токтом кабыл алынгандан кийин мамлекеттик тил боюнча тестирлөөгө суроо-талап өскөнүн белгиледи.

Жыйынтыгында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кыргыз тилин практикада колдонуу деңгээлин жогорулатуу, тестирлөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууну күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар