Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан күйүүчү майды төрт өлкөдөн импорттоодо

Кыргызстан күйүүчү майды төрт өлкөдөн импорттоодо

Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн Орусия, Беларусь, Кытай жана Өзбекстан менен кызматташууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү май менен камсыздоо маселеси талкууланган жыйында билдирди.

Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга мунай заттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, күйүүчү май рыногуна мониторингди күчөтүү, импорттоочу компаниялар менен иш алып баруу жана жаңы жеткирүү келишимдерин түзүү боюнча тапшырмаларды берди. Ошондой эле мамлекеттик чек арадагы логистикалык маселелерди чечүүгө көңүл бурулду.

Буга чейин Кыргызстан Орусиядан айына 100 миң тонна күйүүчү-майлоочу май импорттоо боюнча келишим түзгөн. Өлкө жылына болжол менен 2 млн тонна күйүүчү май керектейт жана анын 95 пайызга жакыны Орусиядан ташылып келет.

Дүйнөлүк рынокто мунайдын кымбатташына байланыштуу Кыргызстанда бензин, дизель жана автогаздын баасын кармап туруу үчүн 25-майдан тартып мамлекеттик субсидия киргизилген. Аталган чара 30-сентябрга чейин уланат. Мамлекет буга чейин күйүүчү майдын баасын кармап турууга болжол менен 1 млрд сом жумшаган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар