Башкы беткеМинистрлер кабинетиБааларды турукташтырууга 36,6 млрд сомдук план сунушталды

Бааларды турукташтырууга 36,6 млрд сомдук план сунушталды

Кыргызстанда 2026–2027-жылдары товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүн ооздуктоо боюнча иш-чаралар планы сунушталды.

Планды талкуулоо Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы алдында өтүп, анда инфляцияны кармап туруу, социалдык маанилүү товарлардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө чаралары каралды.

Негизги багыттардын арасында:

  • эт өндүрүшүн көбөйтүү үчүн малдын санын кеминде 20 миң башка көбөйтүү;
  • эттин баасына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү;
  • агроөнөр жай ишканаларын жеңилдетилген насыялоо жана айрым тармактарды субсидиялоо;
  • өлкөнүн жети облусунда жалпы сыйымдуулугу 18 миң тонналык заманбап кампаларды куруу;
  • ички керектөөнү толук камсыз кылуу үчүн буудай менен камсыздоо;
  • мамлекеттик резервди толуктоо үчүн ата мекендик дыйкандардан 20 миң тонна буудай сатып алуу;
  • фермерлерге 68 миң тонна үрөн жана минералдык жер семирткичтерди жеткирүү;
  • ортомчулардын санын азайтып, айыл чарба продукциясын түз сатуу түйүндөрүн кеңейтүү каралган.

Өкмөттүн эсебинде, бул чаралар инфляцияны Улуттук банк менен макулдашылган 7%дык максаттуу деңгээлде кармоого багытталат.

2026–2027-жылдарга пландалган иш-чараларды каржылоонун жалпы көлөмү 36 млрд 635 млн сомду түзөт.

Данияр Амангелдиев планды аткарууга өзгөчө көзөмөл коюлуп, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги күчөтүлөрүн белгиледи.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар