Кыргызстанда 2026–2027-жылдары товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүн ооздуктоо боюнча иш-чаралар планы сунушталды.
Планды талкуулоо Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы алдында өтүп, анда инфляцияны кармап туруу, социалдык маанилүү товарлардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө чаралары каралды.
Негизги багыттардын арасында:
- эт өндүрүшүн көбөйтүү үчүн малдын санын кеминде 20 миң башка көбөйтүү;
- эттин баасына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү;
- агроөнөр жай ишканаларын жеңилдетилген насыялоо жана айрым тармактарды субсидиялоо;
- өлкөнүн жети облусунда жалпы сыйымдуулугу 18 миң тонналык заманбап кампаларды куруу;
- ички керектөөнү толук камсыз кылуу үчүн буудай менен камсыздоо;
- мамлекеттик резервди толуктоо үчүн ата мекендик дыйкандардан 20 миң тонна буудай сатып алуу;
- фермерлерге 68 миң тонна үрөн жана минералдык жер семирткичтерди жеткирүү;
- ортомчулардын санын азайтып, айыл чарба продукциясын түз сатуу түйүндөрүн кеңейтүү каралган.

Өкмөттүн эсебинде, бул чаралар инфляцияны Улуттук банк менен макулдашылган 7%дык максаттуу деңгээлде кармоого багытталат.
2026–2027-жылдарга пландалган иш-чараларды каржылоонун жалпы көлөмү 36 млрд 635 млн сомду түзөт.
Данияр Амангелдиев планды аткарууга өзгөчө көзөмөл коюлуп, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги күчөтүлөрүн белгиледи.



