Башкы беткеКоомКорумду айылында туристтер үчүн жаңы Rest Point ачылды

Корумду айылында туристтер үчүн жаңы Rest Point ачылды

Ысык-Көл облусунун Корумду айылында туристтер жана жергиликтүү тургундар үчүн жаңы жол боюндагы тейлөө объектиси — Rest Point ачылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Жаңы жай саякатчыларга жолдо эс алып, санитардык-гигиеналык кызматтардан пайдаланууга жана зарыл шарттар менен камсыз болууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындай объектилерди аймактарда көбөйтүү туристтик инфраструктураны жакшыртып, саякатчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана жол боюндагы тейлөө сапатын жогорулатууга багытталган.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар