Ысык-Көл облусунун Корумду айылында туристтер жана жергиликтүү тургундар үчүн жаңы жол боюндагы тейлөө объектиси — Rest Point ачылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.
Жаңы жай саякатчыларга жолдо эс алып, санитардык-гигиеналык кызматтардан пайдаланууга жана зарыл шарттар менен камсыз болууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындай объектилерди аймактарда көбөйтүү туристтик инфраструктураны жакшыртып, саякатчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана жол боюндагы тейлөө сапатын жогорулатууга багытталган.



