Август айынын аягы жана күздүн биринчи күнү Кыргызстан үчүн акыркы жылдар-дагы эң зор, олуттуу дипломатиялык иш-чараларга бай мезгил болмокчу. Бишкекте бир эле учурда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити, мааракелик 25-жыйыны, чет өлкөлүк лидерлердин мамлекеттик иш сапарлары жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өткөрүлөт. Аталган саммитке Европа, Азия жана Афри-ка континенттерин камтыган, Россия, Кытай башында турган 10 мамлекеттин жогорку даражадагы делегациялардын, о.э. биринчи жолу «ШКУнун өнөктөшү» макамына ээ 15 өлкөнүн, байкоочу макамына ээ 2 мамлекеттин расмий өкүлдөрүнүн келиши болжолдонууда. Мындан тышкары, БУУ баш болгон бир катар эл аралык, абройлуу уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.
Айдын акырында, быйылкы жылдын эң олуттуу, чыныгы зор тарыхый-саясий масштабдагы окуя – Кыргызстандын төрагалыгы астында, борборубузда 2026-жылдын 31-августу жана 1-сентябрында, эл аралык стандарттагы «Ырыс Ордо» конгресс-холлдо Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 25-мааракелик жыйыны өткөрүлөт. Бул саммит ШКУнун 25 жылдык ишмердүү-лүгүнүн жыйынтыктарын чыгаруучу маанилүү этап болуп саналат. Саммиттин Бишкекте өтүшү өлкөнүн чөлкөмдүк жана дүйнөлүк дипломатиялык борбор катары аброюн чыңдап, анын ири эл аралык иш-чараларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн, жоопкерчилигин көрсөтөт.
ШКУнун мааракелик саммити, биринчи кезекте, чоң саясий иш-чара. Кыргызстан үчүн бул дүйнөгө мамлекеттин заманбап дараметин, жөндөмүн, дүйнө лидерлерин кабыл алуучу өлкөнүн натыйжалуу аракеттерин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болоору шексиз.
Төрага болгон Кыргызстан, мааракелик 25-жыйындын негизги ураанын «Шанхай кызматташ-тык уюмуна 25 жыл: биргеликте туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө бирге баруу» – «25 лет ШОС: вместе к устойчивому миру, развитию и процветанию» – деп тандады. Үстөмдүк кылган багыт – экономикалык кызматташтыктын потенциалын ишке ашыруу болуп калат. Башкы милдет ШКУнун өлкөлөрүнүн экономикалык өз ара аракеттенүүсүнүн дараметин ачуу, жогорулатуу жана натыйжалуу пайдалануу болуп саналат.
Мааракелик саммиттин катышуучулары: 10 мүчө мамлекет – Кытай, Россия, Казакстан, Өзбек-стан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Иран, Беларусь, Кыргызстан – кабыл алуучу тарап жана төрага-лык кылат. Жогоруда аталгандардан тышкары, 2 байкоочу статусундагы мамлекет – Монголия (ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин 2004-жылдын 17-июнундагы №12 чечими менен берилген), Афганистан Ислам Республикасы (2012-жылдын 7-июнундагы №6 чечими), ошондой эле 15 “өнөктөш өлкөлөр”, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гуттериш жана бир катар абройлуу эл аралык уюмдар.
Кыргызстан үчүн бул жөн гана ири эл аралык форумду өткөрүү эмес, тескерисинче, сейрек болгон «мүмкүнчүлүктөр терезеси» жана ошол эле учурда олуттуу «жетишкендиктин сынагы». Бул жаңыртылган Кыргызстанды – туруктуу, ишенимдүү жана кызматташтыкка ачык өлкөнү дүйнөгө таанытуу мүмкүнчүлүгү. Өлкөбүз бул окуяга активдүү экономикалык өсүп-өнүгүү даражасында келип, бул саммитке өзгөчө салмак берээри айгине көрүнүп турат.
25-саммитте геосаясий, геостратегиялык, социалдык-экономикалык жана маданий жактан кандай олуттуу маселелердин каралышы, жаңылыктар күтүлүүдө?
Биринчи жагдай, 25 жылдык юбилейлик саммит биринчи жолу жаңы форматта өтөөрү күтү-лүүдө. Буга чейин «байкоочу мамлекет» жана «диалог боюнча өнөктөш» макамына ээ болгон мамлекеттер эми «ШКУнун өнөктөшү» деген жаңы макамда катышат. Бул чечим 2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында өткөн ШКУнун саммитинде кабыл алынган. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин №4 чечими менен мурдагы «байкоочу» жана «диалог боюнча өнөктөш» макамдары жоюлуп, алардын ордуна «ШКУ өнөктөшү» деген жаңы макам киргизилген. Ушуга байланыштуу Бишкекте өтө турган мааракелик саммитке биринчи жолу 15 ШКУ өнөктөшүнүн жаңы макамда катышуусу күтүлүүдө. Алар: Азербайжан Республикасы, Түрк Республикасы, Египет Араб Республи-касы, Бахрейн Королевствосу, Камбоджа Королевствосу, Республика Армения, Катар Мамлекети, Кувейт Мамлекети, Лаос Элдик-Демокртиялык Республи-касы, Мальдив Республикасы, Мьянма Союздук Республикасы, Непал Федеративдик Демокра-тиялык Республикасы, Бириккен Араб Эмираты, Сауд Аравия Королевствосу, Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы. Баардыгы болуп дүйнөнүн 27 өлкөсүнүн жогорку даражадагы, расмий делегациялары Бишкек саммитине катышуусу күтүлүүдө.
Экинчи жагдай, Бишкектеги мааракелик саммитте ШКУнун өлкөлөрүнүн бардыгы үчүн страте-гиялык приоритеттерге ээ болгон төмөнкү төрт негизги багыт боюнча талкууларды жана чечим-дерди кабыл алуу күтүлүүдө. Алар 25-саммиттин күн тартибинин негизин түзөт:
1. Узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыз кылуу. Бул биринчи кезектеги артыкчылык же приоритеттүү багыт. Кыргызстан Бишкек шаарында Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борбор түзүү демилгесин көтөрдү. Ошондой эле Ооганстанды калыбына келтирүүгө көмөктөшүү максатында «ШКУ–Ооганстан» байланыш тобунун ишин активдештирүү пландалууда.
2. Экономикалык потенциалды ишке ашыруу. Негизги максат – ШКУнун өз алдын-ча финансылык архитектурасын түзүүнү тездетүү, ШКУнун көз карандысыз каржылык архитекту-расын – Өнүктүрүү банкын, Өнүктүрүү фондун жана Инвестициялык фондун түзүүнү тездетүү. Бул уюмдарга биргелешкен долбоорлорду турмушка ашыруу жана каржылоо үчүн ар бир мамлекет өздөрүнүн инструменттерин берүүгө тийиш.
3. ШКУнун алкагында жаңы Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү. Бул багытта эл аралык жүк ташуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жаңы транспорттук каттамдарды ачуу жана ШКУга мүчө мамлекеттердин транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу боюнча көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралат деп күтүлүүдө. Кыргызстан өзүнүн транзиттик потенциалын пайдаланып, жаңы транспорттук коридорлорду жана логистикалык борборлорду түзүүгө ниеттенүүдө. Бул Борбордук жана Түштүк Азия, Кытай жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин ортосундагы эл аралык жүк ташууларды жеңилдетүүгө жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө шарт түзөт.
4. Санариптештирүүнү активдештирүү. Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында Жаштардын санариптик форумун өткөрүү жана санариптик трансформация боюнча долбоорлорду илгерилетүү пландалууда. Санариптик багытты өнүктүрүүдө жаштардын инновациялык потенциалын пайда-лануу, заманбап технологияларды киргизүү жана мамлекеттердин ортосунда санариптик кызмат-таштыкты кеңейтүү өзгөчө мааниге ээ.
Үчүнчү күтүлгөн жагдай, жогорудагылардан сырткары, дагы бир топ маанилүү, олуттуу маселелерди талкуулоо күтүлүүдө:
- Коопсуздук жана коркунучтарга каршы күрөш. Терроризмге, экстремизмге жана баңгизат коркунучтарына каршы күрөшүүнүн узак мөөнөттүү механизмдерин Терроризмге каршы аймактык түзүм (ТКАТ) жана биргелешкен машыгуулар аркылуу чыңдоо.
- Энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу. Энергетикалык ресурстар жана азык-түлүк менен туруктуу камсыз кылуу максатында чөлкөмдүк координациялоо системасын түзүү.
- Экономикалык интеграция. Транспорттук коридорлорду, санариптик экономиканы жана соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, ШКУнун экономикалык блок катары ролун бекемдөө.
- Маданий-гуманитардык кызматташтык. Академиялык алмашууларды кеңейтүү, бирге-лешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу жана жаштардын демилгелерин колдоо.
- Туруктуу өнүгүү. Экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу, «жашыл энергетиканы» өнүктүрүү жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу.
- Кыргызстан климаттын өзгөрүшү жана «жашыл» экономика жаатындагы кызмат-таштыкты активдештирүү боюнча бир топ демилгелер менен чыгат.
- Меморандумдар жана макулдашуулар пакети. Чек ара аралык транспорттук коридорлор, бажылык кызматташтык жана транзиттик жүк ташуулардын ишин жөнөкөйлөтүү боюнча бир катар документтерди кабыл алуу күтүлүүдө
- Коопсуздук жана киберкоргонуу боюнча изилдөөлөрдүн жана практикалык иш-чаралардын планы. Акыркы жылдардагы тажрыйбаны эске алуу менен коопсуздук, киберкоргонуу жаатындагы кызматташтыкты өркүндөтүүгө багытталган иш-чаралардын планын иштеп чыгуу каралат.
- Инвестициялык фонддорду түзүү жана аларга катышуу боюнча демилгелер. Бирге-лешкен инвестициялык фонддорду түзүүнүн жана аларды каржы-лоонун негизги принциптерин иштеп чыгуу боюнча сунуштар каралат.
- «Жол карталары». Илим, билим берүү жана саламаттык сактоо тармак-тарындагы өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча «жол карталарын» кабыл алуу күтүлүүдө.
Төртүнчү күтүлгөн жагдай, Кыргыз Республикасы ошондой эле ШКУнун мааракелик самми-тинин катышуучуларын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырууда. Мындан тышкары, Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарын ШКУнун туристтик жана маданий борбору макамын алуу таризинде таанытуу демилгеси көтөрүлүүсү күтүлүүдө. Бул демилгелер Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени Чолпон-Ата шаарынын туристтик жана маданий мүмкүнчүлүктөрүн ШКУнун мамлекеттеринин ортосунда кеңири таанытуу туризмди, маданий байланышты жана гума-нитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Бешинчи күтүлүп жаткан жагдай, 25-мааркелик ШКУнун саммитинин алкагында Кыргызстан-да, төрагалык кылуучу өлкө катары, Инвестициялык форум, ШКУга мүчө мамлекеттердин энергетика министрлеринин жыйыны, ШКУнун Жаштар санариптик форуму, медиафорум, аялдар форуму, жаш илимпоздордун эл аралык лагери, ШКУнун эл аралык кинофестивалы жана чеберлер-дин гала-концерти, Ысык-Көлдө Айтматов форуму өткөрүлөт деп күтүлгөн. Кыргызстан ошондой эле ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук адам укуктарын коргоо мекемелеринин биринчи консультативдик жолугушуусун жана юридикалык жогорку окуу жайларынын ассоциацияларынын конференциясын өткөрүүнү пландаштырган. Белгилей кетсек, пландаштырылган форумдардын дээрлик баары ийги-ликтүү өткөрүлүп бүттү. Ошондой эле, Бишкектеги мааракелик саммитте ШКУнун эл аралык байланыштарын өнүктүрүүнүн алкагында “тышкы контурду” кеңейтүү, анын ичинде диалог боюнча өнөктөштөр жана байкоочу мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүнү практикалык мазмун менен толтуруу улантылат деп күтүлүүдө. Мындан тышкары, БУУнун Секретариаты жана Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, БУУнун бир катар адистешкен эл аралык уюмдары, чөлкөмдүк уюмдардан салттуу өнөктөштөр – КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ ж.б. менен биргелешкен иш-чаралардын сериясы пландаштырылган.
Жалпысынан айтканда, аталган демилгелер Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында коопсуздук, экономика, транспорт, санариптештирүү, экология, билим берүү, маданият жана туризм багыттарындагы көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө умтулуп жатканын көрсөтөт.
Алтынчы жагдай, күтүлүп жаткан геосаясий контекст:
- Саммит дүйнөлүк күч борборлорунун ортосундагы глобалдык атаандаштыктын күчөп турган шартында өтүүдө.
- ШКУ коопсуздукту, экономиканы жана маданиятты бириктирген Евразиялык интеграциянын өзөктүк түзүмү катары өзүнүн ролун бекемдөөгө умтулууда.
- Кыргызстан Чыгыш менен Батыштын ортосундагы диалог үчүн өзгөчө аянтча катары өзүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн алууда.
Негизги геосаясий оюнчулар, геосаясий тобокелдиктер жана чыңалуунун булактары:
- Кытай- демилгелерди, инфраструктуралык байланыштарды жана каржылоону илгерилетүү-гө басым жасайт. Бул багытта долбоордук дипломатия жана «Бир алкак – бир жол» демилгеси менен байланышкан элементтер маанилүү орунду ээлейт.
- Россия- коопсуздук маселелерине, аскердик-техникалык кызматташтыкка жана саясий таасирге басым жасайт. Ошол эле учурда Кытай менен атаандаштык жана жаңы координациялоо маселелери да орун алышы мүмкүн.
- Россия менен Кытайдын ШКУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүсү күчөшү мүмкүн. Бул уюмдун ичиндеги чечимдерди кабыл алуу жараяндары негизги, борбордук ролдордун өзгөрү-шүнө алып келиши ыктымал.
- Индияжана Пакистандынкатышуусу, эгерде бул мамлекеттер саммиттин ишине активдүү катышса, ШКУдагы саясий диалогдун мазмунун жана багыттарын кеңейтет, саясий диалогдун палитрасына өзөктүү кошумча болот.
- Батыш мамлекеттери жана дүйнөдөгү башка кызыкдар тараптар саммиттин жүрүшүнө жана кабыл алынган чечимдерине кылдат байкоо жүргүзүшөт.
- Саммиттин алкагында эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлүшү толук мүмкүн, булар болуп жүргөн эл аралык практика.
Жетинчи жагдай, тобокелдиктер жана чыңалуунун потенциалдуу булактары:
- Россия менен Кытайдын стратегиялык кызыкчылыктарынын дал келбеши жана аймактагы таасир үчүн атаандаштыктын күчөшү мүмкүн.
- Чечилбеген эл аралык чыр-чатактар – Афганистандагы кырдаал, транс чек ара талаштары саммиттин таасирин төмөндөтүшү мүмкүн.
- Саммитке катышкан мамлекеттердеги экономикалык көйгөйлөр, анын ичинде инфляциянын өсүшү жана бюджеттин тартыштыгы, ири биргелешкен долбоорлорду каржылоону кыйындатышы мүмкүн.
- Коопсуздук маселелери: терроризм, экстремизм, кибер чабуулдар жана коомдук нааразылык акциялары саммиттин коопсуздугуна таасир эте турган потенциалдуу коркунучтардын катарына кирүүсү мүмкүн. Начало формы
Сегизинчи жагдай, күтүлүп жаткан жыйынтыктар жана негизги документтер. 25-мааракелик ШКУнун саммитинин жыйынтыгы боюнча 20дан ашык маанилүү документтен турган пакетти кабыл алуу күтүлүүдө. Алар:
- «Бишкек мааракелик декларациясы». Бул документ ШКУнун 2050-жылга чейинки өнү-гүүсүнүн стратегиялык багыттарын чагылдырат. Декларация саммиттин негизги жыйынтыктоочу документи болуп, ага катышкан мамлекеттердин эл аралык күн тартибиндеги көйгөйлүү маселелер боюнча макулдашылган бирдиктүү позициясын билдирет.
- Маанилүү билдирүүлөрдү кабыл алуу жана ишке ашыруу. Энергияны үнөмдөө, энергия-ны натыйжалуу пайдалануу жана өзөктүк коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган билдирүүлөрдү кабыл алуу пландаштырылууда.
- ШКУнун жаңы институттарын түзүү. Юбилейлик саммитте Бишкек шаарында Транс улуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борбордун негиздерин түптөө жана ШКУнун Өнүктүрүү банкын, Өнүктүрүү фондун жана Инвестициялык фондун расмий түзүүгө старт берилет. Бул институттар Кыргызстан үчүн экономикалык өсүштү тездетүүгө реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачаары да бышык.
- Энергетика, азык-түлүк коопсуздугу жана санариптик технологиялар боюнча жаңы координациялык механизмдерди ишке киргизүү.
- Кыргызстан ШКУнун алкагында жасалма интеллект (ЖИ) жана коопсуздук маселелери боюнча бир катар демилгелер менен чыгат.
- ШКУнун эл аралык кызматташтыгын кеңейтүү. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), БРИКС ж.б. эл аралык, аймактык уюмдар менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү күтүлүүдө.
- Кыргызстандын динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекет катары эл аралык имиджин бекемдөө. Ошондой эле өлкөнүн аймактык логистикалык, экономикалык жана дипломатиялык хаб катары маанисин жогорулатууга шарт түзүлөт.
Негизи күтүлүп жаткан чечимдер жана документтер ШКУнун коопсуздук маселелеринен тышкары экономикалык интеграция, энергетика, азык-түлүк коопсуздугу, санариптештирүү, жасал-ма интеллект жана эл аралык кызматташтык багыттарындагы ролун кеңейтүүгө багытталган. Кыргызстан үчүн бул саммиттин мааниси – ШКУнун күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо менен гана чектелбестен, өлкөнүн экономикалык, дипломатиялык жана инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн жаңы механизмдерди түзүүгө активдүү катышуу болуп саналат.
Бишкекте өтө турган ШКУнун 25-саммити жөн гана салтанаттуу саясий иш-чара болбостон, уюмдун алдыдагы он жылдыктардагы өнүгүү багытын аныктай турган стратегиялык маанилүү этапка айланат. ШКУнун мааракелик 25-саммити бир катар системалык көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул саммит – уюм үчүн гана эмес, Кыргызстандын өзү үчүн да бурулуш учур болуп саналат. Алдыдагы саммит – Кыргызстанды дүйнөлүк аренада жетилген, жоопкерчиликтүү жана келечектүү өнөктөш мамлекет катары өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бере турган саммит. 
Абытов Б.К.
тарых илимдеринин доктору, профессор,
Россия табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти,
Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институту



