1–6-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Эл аралык мелдешке миңдеген көрүүчүлөрдүн жана коноктордун келиши күтүлүүдө.
Коопсуздукту камсыз кылуу максатында оюндар өтүүчү аймактарга айрым буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынат.
Алардын катарында:
- курал-жарак жана ок-дарылар;
- бычак, курч миздүү жана башка кооптуу буюмдар;
- жарылуучу заттар жана пиротехникалык каражаттар;
- күйүүчү, тез тутануучу жана химиялык заттар;
- спирттик ичимдиктер;
- айнек бөтөлкөлөр жана башка айнек буюмдар;
- лазер көрсөткүчтөр;
- уруксатсыз дрондор жана башка учуучу аппараттар бар.
Тиешелүү талаптар көрүүчүлөрдүн, спортчулардын, коноктордун жана уюштуруучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилген.
Ошондуктан оюндар өтүүчү жайга жөнөөр алдында сумкадагы буюмдарды алдын ала текшерип алуу сунушталат.
Эрежелерди сактоо — жалпы коопсуздуктун кепилдиги.



