Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан маалда коомдук жайларда тамеки чегүүгө байланыштуу талаптар эскертилди.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, КР №121 мыйзамына ылайык, имараттардын жана орун-жайлардын ичинде, стадиондордун аймагында, ошондой эле маданий-массалык жана спорттук иш-чаралар өтүп жаткан ачык аянтчаларда тамеки чегүүгө тыюу салынат.
Бул талап тамеки чегүүгө атайын бөлүнгөн жайларга тиешелүү эмес.
Министрлик жарандарды мыйзам талаптарын сактоого чакырып, спортту жана сергек жашоо образын тандоого үндөдү.



