Башкы беткеКоомБишкекте 16 автобус каттамынын жүрүү схемасы убактылуу өзгөртүлдү

Бишкекте 16 автобус каттамынын жүрүү схемасы убактылуу өзгөртүлдү

Бишкекте Чүй проспектисинин Чыңгыз Айтматов проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки айрым тилкеси убактылуу жабылгандыгына байланыштуу 16 автобус каттамынын жүрүү схемасы өзгөртүлдү.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, өзгөртүү №13, 17, 23, 34, 36, 40, 50, 52, 103, 107, 118, 166, 215, 222, 227 жана 254 каттамдарына тиешелүү.

Чектөө күчүндө турган мезгилде автобустар жабылган жол тилкесин айланып өтүп, убактылуу өзгөртүлгөн маршрут боюнча каттайт.

Мындай чаралар коомдук транспорттун үзгүлтүксүз жүрүүсүн жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынган.

Мэрия шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна сапарларын алдын ала пландап, убактылуу өзгөртүүлөрдү эске алууну сунуштады.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар