Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышууда

Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышууда

Садыр Жапаров бүгүн 31-августта, “Бишкек Арена” стадионунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышууда.

Иш-чарага Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана өнөктөш мамлекеттердин башчылары, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышууда.

Ардактуу коноктордун арасында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Ирандын Президенти Масуд Пезешкиан, Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган, Россиянын Президенти Владимир Путин жана Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди бар.

Ошондой эле ачылыш аземине Мисирдин Премьер-министринин орун басары Хусейн Мохамед Ахмед Исса, Вьетнамдын Вице-президенти Во Тхи Ань Суан, Лаостун Президенти Тхонглун Сисулит жана Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе катышууда.

Президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова жогорку даражалуу конокторду тосуп алышты. Андан соң мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусунда салттуу биргелешип сүрөткө түшүү аземи өттү.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи Бишкектеги “Бишкек Арена” стадионунда өтүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар