Башкы беткеКоом«Газпром» Борбордук Азияга газ экспортун 70 пайызга көбөйттү

«Газпром» Борбордук Азияга газ экспортун 70 пайызга көбөйттү

«Газпром» 2026-жылдын башынан бери Борбордук Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга, газ экспортун 70 пайызга жакын көбөйттү. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Алексей Миллер билдирди.

Анын айтымында, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстанга газ жеткирүүнүн көлөмү кыйла өскөн.

Кыргызстан жылына жарым миллиард куб метрге жакын газ керектейт. Өлкөдө ТЭЦ-2 жана «Бишкексельмаш» сыяктуу келечектеги энергетикалык объектилерди газ менен камсыздоо боюнча 2040-жылга чейин эсептелген узак мөөнөттүү келишимдер түзүлгөн.

2025-жылы «Газпром» Өзбекстанга 6,48 миллиард куб метр газ жеткирген. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 15 пайызга көп.

Газ Борбор Азия–Борбор магистралы аркылуу реверстүү режимде жеткирилүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар