Чолпон-Ата шаарындагы “Чолпон” кинотеатры реконструкциядан кийин кайрадан көрүүчүлөр үчүн эшигин ачты. Бул тууралуу имараттын жаңылануусун каржылаган Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди.
Маалыматка ылайык, мындан 40 жылдай мурда курулган имарат дээрлик толугу менен кайра жаңыланган. Кинотеатрда жалпы 310 орунга ылайыкталган беш заманбап зал ишке берилди. Алар 4K форматындагы заманбап жабдуулар менен камсыздалган.
Белгилей кетсек, буга чейин РКӨФтүн каржылык колдоосу менен Баткен, Токмок жана Кербен шаарларындагы кинотеатрлар да реконструкцияланган.



