Кыргызстан узак тыныгуудан кийин PISA эл аралык изилдөөсүнө кайрадан катышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, өлкө буга чейин 2006 жана 2009-жылдары изилдөөгө катышкан.
“2025-жылы изилдөөгө Кыргызстандын 195 жалпы билим берүү уюмунан 600дөн ашуун 15 жаштагы окуучу тартылды. Алардын арасында шаардык, айылдык жана алыскы аймактардагы мектептердин окуучулары бар. Кыргызстан PISAга биринчи жолу компьютердик форматта катышып, тестирлөө кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде өткөрүлдү”, – деп айттылат маалыматта.
PISA окуучулардын мектепте алган билимин жаттап айтып берүүсүн эмес, аны турмуштук кырдаалдарда колдоно билүү жөндөмүн, башкача айтканда функционалдык сабаттуулугун баалайт. Изилдөөнүн негизги багыттары — окуу, математикалык жана табигый-илимий сабаттуулук. PISA 2025те табигый-илимий сабаттуулук негизги багыт катары тандалган.
PISA 2025 циклине дүйнөнүн 91 өлкөсү катышып, эл аралык тестирлөөгө 762 миңге жакын окуучу камтылды.
Кыргызстан үчүн изилдөөнүн жыйынтыгы билим берүү системасынын учурдагы абалын баалоого, анын күчтүү жана жакшыртууну талап кылган багыттарын аныктоого жардам берет. PISA 2025тин жыйынтыктары жакын арада жарыяланат.



