Башкы беткеМинистрлер кабинетиКөчмөндөр оюндарын 600дөн ашуун энергетик электр энергиясы менен камсыз кылды

Көчмөндөр оюндарын 600дөн ашуун энергетик электр энергиясы менен камсыз кылды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда негизги объекттерди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга 600дөн ашуун энергетик тартылды.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, даярдык иштеринин алкагында Кырчын этнокомплексинде 10 кВ чыңалуудагы 17,7 чакырым жаңы электр линиясы тартылып, 535 мамы жана сегиз трансформатордук көмөк чордону орнотулду. Ошондой эле 16 чакырым электр линиясы жаңыланып, 50 эски мамы алмаштырылды.

Мындан тышкары, Көк бөрү аренасы, «Рух Ордо», ипподром, «Курманжан Датка» музейи жана «Дордой Номад» комплексинде электр тармактары жаңыланып, кошумча кабелдер, электр калкандары жана резервдик генераторлор даярдалды.

Ошондой эле «Григорьевка» жана «Бостери» көмөк чордондорунда жаңы өчүргүчтөр орнотулду.

Энергетиктер оюндар өтүп жаткан күндөрү күнү-түнү нөөмөттө туруп, электр тармактарынын жана жабдуулардын ишин көзөмөлдөп, мүмкүн болуучу кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө даяр турушту.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар