Кыргызстанда 2026-жылдын январь–июнь айларында калктын негизги 9 социалдык маанилүү азык-түлүккө болгон муктаждыгын камсыздоо көрсөткүчү жогорулады. Бул тууралуу Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңештин жыйынында айтылды.
Жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгында азык-түлүктүн айрым түрлөрү боюнча ички өндүрүш керектөөнү толук камсыздай турган деңгээлге жеткен. Тактап айтканда:
картошка — 198,9%;
жашылча жана коон-дарбыз — 247,2%;
сүт жана сүт азыктары — 124,1%;
эт — 82,1%;
жумуртка — 79,8%;
нан азыктары — 77,4%;
кумшекер — 72,6%;
өсүмдүк майы — 53,6%;
мөмө-жемиштер — 15,6%.
Ички өндүрүшү жетишсиз азык-түлүктөрдүн көлөмүн көбөйтүү үчүн буудай жана май өсүмдүктөрүн өстүрүүгө, жаңы бактарды отургузууга, сапаттуу үрөн жана асыл тукум мал менен камсыздоого басым жасалат.
Ошондой эле тоют базасын жакшыртуу, сугат иштерин кеңейтүү жана заманбап технологияларды киргизүү пландалууда. Эт, сүт, мөмө-жемиш жана башка айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө да көңүл бурулат.
Негизги максат — импортко болгон көз карандылыкты азайтып, 2030-жылга чейин негизги азык-түлүк товарлары боюнча ички камсыздоону 100 пайызга жеткирүү.



