Башкы беткеМинистрлер кабинетиАйтматов районунун ички иштер бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди

Айтматов районунун ички иштер бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди

Талас облусунун Айтматов районунда ички иштер бөлүмүнүн жаңы административдик имараты жана спорт комплекси пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.

Жаңы имарат Ички иштер министри Улан Ниязбековдун демилгеси менен республикалык бюджеттин эсебинен курулган. Курулуш иштери 2024-жылы башталган.

Комплекске жалпы аянты 1080 чарчы метр болгон эки административдик корпус, 1012 чарчы метрлик спорт комплекси жана кызматтык-чарбалык жайлар кирет.

Негизги корпуста жарандарды кабыл алуу бөлмөсү, жыйындар залы, кызматтык кабинеттер жана убактылуу кармоочу жайлар жайгашкан. Экинчи корпуста маалыматтарды ыкчам талдоого жана санариптик көзөмөл жүргүзүүгө багытталган ситуациялык борбор иштейт.

Спорт комплексинде футбол жана волейбол аянтчалары, машыгуу залы, кийим алмаштыруучу жана жуунуучу бөлмөлөр бар. Ошондой эле кызматтык автоунаалар үчүн 10 бокс, параддык аянтча жана сейилдөө зонасы курулган.

Ачылыш аземинде милиция бөлүмүнө жарандарга сервистик тейлөө көрсөтүү үчүн эки жаңы кызматтык автоунаа тапшырылды.

Белгилей кетсек, Айтматов районунун ИИБи 70 миңден ашуун калкка кызмат көрсөтөт. Буга чейин бөлүм жайгашкан имарат 1971-жылы курулган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар