Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүп жатат. Акыркы беш жылда аймактын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүндө өсүш байкалган.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2020-жылы облустун региондук дүң продукциясы 17,9 млрд сом болсо, 2024-жылы 54 млрд сомго жеткен. Башкача айтканда, төрт жылда экономиканын көлөмү дээрлик үч эсеге өскөн.
Жаңы жумуш орундарын түзүүдө да өсүш бар. 2020-жылы 1 966 жумуш орду түзүлсө, 2024-жылы алардын саны 10 288ге жеткен. 2025-жылы 8 688, ал эми 2026-жылдын январь–июнь айларында 4 374 жаңы жумуш орду түзүлгөн.
Калктын орточо айлык эмгек акысы 2020-жылдагы 16 156 сомдон 2025-жылы 37 099 сомго чейин өскөн. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул көрсөткүч 50 294 сомду түздү.
Таласка тартылган түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү да көбөйгөн. 2020-жылы 36,6 млн доллар болсо, 2025-жылы 66,2 млн долларга жеткен. 2026-жылдын январь–март айларында 80,4 млн долларды түзгөн.
Өнөр жай тармагында 2026-жылдын январь–июль айларында 39,5 млрд сомдук продукция өндүрүлдү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6 пайызга көп.
Айыл чарба, токой чарба жана балык уулоо тармактарында ушул эле мезгилде 10,3 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, өсүш 1,3 пайызды түздү.
Жалпысынан, акыркы жылдары Талас облусунда өндүрүштүн көлөмү, инвестиция жана жаңы жумуш орундарын түзүү көрсөткүчтөрү жогорулаган.



