Бишкек шаарында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата үч жаңы өнөр жай объектиси пайдаланууга берилди. Алардын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.
Жаңы өндүрүштөрдүн бири — Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги “КыргызТрансформатор” ЖЧКсынын базасында ачылган трансформатор чыгаруучу цех. Долбоорго 262 млн сом инвестиция салынган.
Экинчи объект — мурдагы “Полибетон” ААКсынын аймагындагы “Биринчи индустриалдык комплекс” ЖЧКсынын кошумча кондитердик цехи. Аны ишке киргизүүгө 306 млн сом жумшалган.
Ал эми “Флагман компани” ЖЧКсы курулушка керектүү металл конструкцияларын жана металл буюмдарын чыгаруучу жаңы ишканасын ачты. Долбоордун көлөмү 175 млн сомду түздү.
Жалпысынан үч ишкананы ишке киргизүүнүн натыйжасында 250дөн ашык жаңы жумуш орду түзүлөт.
Жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы Бишкектеги өнөр жайдын потенциалын кеңейтүүгө, ата мекендик өндүрүштү көбөйтүүгө жана инвестиция тартууга шарт түзөт.



