Бишкекте Улуттук шахмат академиясы расмий ишин баштады. Анын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.
Академия президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда шахматты 2026–2030-жылдары өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча жарлыктарынын негизинде түзүлгөн.
Негизги максаты — таланттуу жаш шахматчыларды аныктап, колдоо көрсөтүү жана эл аралык мелдештерге катыша турган спортчуларды системалуу даярдоо.
Ачылыш аземинде Адылбек Касымалиев академиядагы окуу жана машыгуу шарттары менен таанышып, жаш шахматчылардын ата-энелери менен баарлашты.
Ал президенттин жарлыктары өлкөдө шахматты өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканын белгиледи. Учурда Кыргызстандагы 500 мектепте 3–5-класстын окуучулары үчүн «Мектепте шахмат» долбоору пилоттук негизде ишке ашырылууда.
Иш-чаранын соңунда Адылбек Касымалиев борбордук шахмат тактасында символикалык биринчи жүрүш жасап, академиянын ишин расмий ачты.
Улуттук шахмат академиясында жаштар үчүн машыгуулар, окуулар жана мелдештер өткөрүлүп, өлкөдө шахматты өнүктүрүүгө багытталган иштер жүргүзүлөт.



