Кыргызстандын мектептерине 2026/2027-окуу жылына карата биринчи класска 146,3 миң бала катталды. Бул тууралуу 1mektep.edu.gov.kg порталындагы маалыматтарда айтылат.
Бишкекте 25,4 миң бала кабыл алынды. Республика боюнча мектептерде дагы 49 миңден ашык бош орун бар.
Биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Учурда балдарды бош орун калган мектептерге каттоого мүмкүнчүлүк бар.
Окуу жылы 15-сентябрда башталат.



