Башкы беткеКоомБыйыл биринчи класска 146 миңден ашык бала барат

Быйыл биринчи класска 146 миңден ашык бала барат

Кыргызстандын мектептерине 2026/2027-окуу жылына карата биринчи класска 146,3 миң бала катталды. Бул тууралуу 1mektep.edu.gov.kg порталындагы маалыматтарда айтылат.

Бишкекте 25,4 миң бала кабыл алынды. Республика боюнча мектептерде дагы 49 миңден ашык бош орун бар.

Биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Учурда балдарды бош орун калган мектептерге каттоого мүмкүнчүлүк бар.

Окуу жылы 15-сентябрда башталат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар