Башкы беткеКоомЖаңы окуу жылына 62 билим берүү мекемеси ишке кирди

Жаңы окуу жылына 62 билим берүү мекемеси ишке кирди

Жаңы окуу жылына карата өлкө боюнча жалпы 62 билим берүү мекемеси ачылды.  Алардын 34тү мектеп, 28зи бала бакча.

Жаңы курулуштардын басымдуу бөлүгү аймактардагы социалдык инфраструктураны жакшыртууга багытталып, Жалал-Абад облусунда 8 мектеп, 4 бала бакча курулду.

Ош облусунда 2 мектеп, 5 бала бакча, Баткенде 3 мектеп, 4 бала бакча ишке кирди.

Талас облусунда заманбап «Акылман» президенттик лицейи курулса, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында социалдык муктаждыктарды, анын ичинде мектеп жана бала бакчалардагы орун жетишсиздигин чечүүгө багытталган жаңы объектилер пайдаланууга берилди.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар