Жаңы окуу жылына карата өлкө боюнча жалпы 62 билим берүү мекемеси ачылды. Алардын 34тү мектеп, 28зи бала бакча.
Жаңы курулуштардын басымдуу бөлүгү аймактардагы социалдык инфраструктураны жакшыртууга багытталып, Жалал-Абад облусунда 8 мектеп, 4 бала бакча курулду.
Ош облусунда 2 мектеп, 5 бала бакча, Баткенде 3 мектеп, 4 бала бакча ишке кирди.
Талас облусунда заманбап «Акылман» президенттик лицейи курулса, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында социалдык муктаждыктарды, анын ичинде мектеп жана бала бакчалардагы орун жетишсиздигин чечүүгө багытталган жаңы объектилер пайдаланууга берилди.



