VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештерге сатылган, бирок пайдаланылбай калган билеттердин акчасын кайтарууга табыштамалар 20-сентябрга чейин кабыл алынат.
Улуттук электрондук билет системасынын маалыматына ылайык, финалдык мелдештерге жалпысынан 7 миң билет сатылган. Анын ичинен 4 409 билет валидациядан өткөн, 2 591 билет пайдаланылбай калган.
Акча каражатын кайтарууну каалагандар 20-сентябрды кошкондо электрондук түрдө табыштама жөнөтүшү керек. Табыштама [email protected] дарегине кабыл алынат.
Анда төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүшү зарыл:
- арыз ээсинин аты-жөнү;
- байланыш телефону;
- тапшырыктын же билеттин номери;
- билеттин пайдаланылбай калуу жагдайы.
Мындан тышкары, электрондук билет жана төлөмдү ырастаган чек, квитанция же башка тиешелүү документ тиркелүүгө тийиш.
Ар бир табыштама өзүнчө каралат. Текшерүүдө билеттин Улуттук электрондук билет системасы аркылуу сатылып алынганы, анын статусу, валидациядан өтүшү, төлөм тууралуу маалыматтар жана арызда көрсөтүлгөн жагдайлар эске алынат.
Билеттин валидациядан өтпөй калганы акчаны автоматтык түрдө кайтарууга негиз болбойт. Каражатты кайтаруу жөнүндө чечим берилген документтерди жана маалыматтарды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.
20-сентябрдан кийин түшкөн табыштамалар каралбайт. Акчаны кайтарууга укугу ырасталган жарандарга төлөмдөр 5-октябрдан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
Эгер акчаны кайтарууга негиз жок болсо, табыштама ээсине баш тартуунун себеби көрсөтүлгөн билдирүү жөнөтүлөт.



