Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Афганстан кызматташууну талкуулады

Кыргызстан менен Афганстан кызматташууну талкуулады

Бүгүн, 14-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Афганстандын тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы практикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Афганстан тарап Кыргызстанды Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүшү, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар