Башкы беткеКоомЖыл соңуна чейин жаңы 49 мектеп курулат

Жыл соңуна чейин жаңы 49 мектеп курулат

Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, 2026-жылдын аягына чейин өлкөдө 58 билим берүү объектисин пайдаланууга берүү пландалууда.

Алардын 56сы жаңы курулган объектилер: 49 мектеп жана 7 бала бакча. Мындан тышкары, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн 2 мектеп да окуучулар үчүн эшигин ачат.

Эске салсак, 11-сентябрда Талас облусунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө боюнча 100 социалдык объект онлайн форматта пайдаланууга берилген. Алардын ичинен 34 мектеп жана 28 бала бакча бар.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар