Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, 2026-жылдын аягына чейин өлкөдө 58 билим берүү объектисин пайдаланууга берүү пландалууда.
Алардын 56сы жаңы курулган объектилер: 49 мектеп жана 7 бала бакча. Мындан тышкары, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн 2 мектеп да окуучулар үчүн эшигин ачат.
Эске салсак, 11-сентябрда Талас облусунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө боюнча 100 социалдык объект онлайн форматта пайдаланууга берилген. Алардын ичинен 34 мектеп жана 28 бала бакча бар.



