Жети-Өгүз районундагы Барскоон суусунда балыктардын өлгөнү тууралуу маалымат түшүп, окуянын себептери такталууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, билдирүү 11-сентябрда келип түшкөн. Андан кийин министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери жеринде текшерүү жүргүзүп, ага райондук санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык кызматтардын адистери да тартылган.
Текшерүү учурунда суунун айрым тилкелеринен өлгөн балыктар табылган. Алардын кырылышына эмне себеп болгону азырынча аныктала элек.
Окуянын себептерин тактоо үчүн Барскоон суусунан суу жана өлгөн балыктардан үлгүлөр алынып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү. Ошондой эле министрликтин Экологиялык мониторинг департаментинин адистери тарабынан дарыядан кошумча суу үлгүлөрү алынууда.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы даяр болгондон кийин министрлик окуя боюнча коомчулукка кошумча маалымат берет.



