Башкы беткеПрезидент2028-жылы УЕФА Суперкубогу Казакстанда өтөт

2028-жылы УЕФА Суперкубогу Казакстанда өтөт

2028-жылы УЕФАнын Суперкубогу Казакстандын борбору Астана шаарындагы “Астана Арена” стадионунда өтөт. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайтында жарыяланды.

“Астана Арена” 2009-жылы ачылган жана 30 миң көрүүчүгө ылайыкталган.

2027-жылы УЕФА Суперкубогунун матчы Амстердамдагы “Йохан Кройфф Арена” стадионунда өткөрүлөт.

УЕФА Суперкубогу — жыл сайын өтүүчү мелдеш. Анда Чемпиондор лигасы менен Европа лигасынын мурунку сезондогу жеңүүчүлөрү беттешет. Оюн салттуу түрдө август айында өткөрүлөт.

2026-жылы Суперкубокту франциялык «Пари Сен-Жермен» уткан.

Ошондой эле УЕФАнын Аткаруу комитети башка еврокубоктордун финалдары өтө турган шаарларды да аныктады. Чемпиондор лигасынын финалы 2028-жылы Мюнхенде, 2029-жылы Барселонадагы “Камп Ноу” стадионунда өтөт. Европа лигасынын финалдарын Бухарест менен Белград, Конференция лигасынын чечүүчү оюндарын Турин жана Будапешт кабыл алат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар