Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Россиянын Театр искусствосу институтунда (ГИТИС) билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин жатакана маселеси боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, жатаканада оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыктан, студенттерди убактылуу жайгаштыруу жана тийиштүү жашоо шарттары менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Министрлик студенттер менен байланышта болуп, маселени чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун карап жатканын дагы кошумчалады.
“ГИТИСте билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин мындан аркы жашоо маселеси маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин көзөмөлүндө”, – деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы жана кабыл алынган чечимдер тууралуу кошумча маалымат берилет.



