Башкы беткеМинистрлер кабинетиБазарларда мектеп окуу китептеринин сатылышы текшерилүүдө

Базарларда мектеп окуу китептеринин сатылышы текшерилүүдө

Кыргызстандын базарларында окуучуларга акысыз берилүүгө тийиш болгон мектеп окуу китептеринин сатылып жатканы боюнча текшерүү башталды.

Тиешелүү тапшырманы Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев берген.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги, УКМК жана Агартуу министрлиги окуу китептеринин базарларга кандай жол менен түшүп кеткенин аныктайт. Ошондой эле басылып чыккан жана мектептерге бөлүштүрүлгөн китептердин саны документтердеги маалыматтарга шайкеш келери текшерилет.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамга ылайык чара көрүлөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар