Башкы беткеМинистрлер кабинетиДанияр Амангелдиев Moody’s эл аралык рейтинг агенттигинин аналитиктери менен жолугушту

Данияр Амангелдиев Moody’s эл аралык рейтинг агенттигинин аналитиктери менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Moody’s эл аралык рейтинг агенттигинин аналитиктери Анушка Шах жана Марк-Антуан Гэли менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстандын макроэкономикалык абалын, жүргүзүлүп жаткан реформаларды, мамлекеттик каржыны жана мамлекеттик карыздын туруктуулугун талкуулашты.

Амангелдиевдин айтымында, акыркы төрт жылда өлкөнүн экономикасынын орточо жылдык өсүшү 10,2 пайызды түзгөн. Жан башына эсептегендеги ИДП 2020-жылдагы 1230 доллардан 2025-жылы 3080 долларга жеткен.

Ошондой эле 2025-жылдын аягында өлкөнүн эл аралык резервдери биринчи жолу 10 млрд доллардан ашканы, ал эми 2026-жылдын январь–август айларында реалдуу ИДП 11 пайызга өскөнү белгиленди.

Жолугушууда мамлекеттик карызды башкаруу, бюджеттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана каржылоо булактарын көбөйтүү маселелерине да көңүл бурулду.

Moody’s аналитиктери сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын экономикасынын айрым тармактарынын абалы жана келечеги боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар