Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча Атайын өкүлү Динара Кемелова Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Федералдык аткаруучу директору Инго Аммерман менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен NABUнун жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана тоо экосистемаларын коргоо багытындагы кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Кыргыз тарап NABUнун Кыргызстандагы биологиялык ар түрдүүлүктү жана тоо экосистемаларын сактоо, ошондой эле ак илбирсти коргоо багытындагы көп жылдык ишмердүүлүгүн жогору баалады. Тараптар Кемин районундагы жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борборун мындан ары өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурушту.
Ошондой эле тоо экосистемаларын жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, ак илбирсти коргоо, суу ресурстарынын маанилүү булагы болгон мөңгүлөрдү сактоо, аталган багыттар боюнча адистерди даярдоо, ошондой эле Кыргызстанда ак илбирсти сактоого арналган фестивалдарды өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Динара Кемелова жолугушууда 2027-жылдын 21–23-октябрында Бишкек шаарында өтө турган «Бишкек+25» Экинчи Глобалдык Тоо Саммити тууралуу маалымат берип, NABUну Саммиттин иш-чараларына активдүү катышууга чакырды.
Өзгөчө 2027-жылдын 23-октябрында өтө турган Эл аралык ак илбирс күнүнө арналган иш-чараларга NABUнун катышуусунун маанилүүлүгү белгиленди.
Жолугушууга NABUнун Эл аралык байланыштар боюнча директорунун орун басары Катя Каупиш жана Кыргыз Республикасы боюнча директору Толкунбек Асыкулов да катышты.



