Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова жаш үй-бүлөлөрдү жана жаңы төрөлгөн балдарды мамлекеттик колдоо, ошондой эле социалдык объектилердин абалын жакшыртуу маселелерин көтөрдү.
Депутат “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнүн өлчөмүнө токтолуп, ал 2018-жылдан бери 4 миң сом болуп келе жатканын белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдардагы инфляциянын өсүшү жана балдарга керектүү товарлардын кымбатташы төлөмдүн сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө таасирин тийгизди.
Ушуга байланыштуу Нилуфар Алимжанова “Балага сүйүнчү” төлөмүн 4 миң сомдон 10 миң сомго чейин жогорулатуу сунушун киргизди. Депутат Министрлер Кабинетин демилгени карап чыгып, анын бюджеттик жана социалдык таасирин эсептөө менен тиешелүү чечимдерди иштеп чыгууга чакырды.



