Башкы беткеКоомЭл өкүлү "Балага сүйүнчүнү" 10 миң сомго чейин жогорулатууну сунуштады

Эл өкүлү “Балага сүйүнчүнү” 10 миң сомго чейин жогорулатууну сунуштады

Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова жаш үй-бүлөлөрдү жана жаңы төрөлгөн балдарды мамлекеттик колдоо, ошондой эле социалдык объектилердин абалын жакшыртуу маселелерин көтөрдү.

Депутат “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнүн өлчөмүнө токтолуп, ал 2018-жылдан бери 4 миң сом болуп келе жатканын белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдардагы инфляциянын өсүшү жана балдарга керектүү товарлардын кымбатташы төлөмдүн сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө таасирин тийгизди.

Ушуга байланыштуу Нилуфар Алимжанова “Балага сүйүнчү” төлөмүн 4 миң сомдон 10 миң сомго чейин жогорулатуу сунушун киргизди. Депутат Министрлер Кабинетин демилгени карап чыгып, анын бюджеттик жана социалдык таасирин эсептөө менен тиешелүү чечимдерди иштеп чыгууга чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар